Меню
ТОКОЙ АБА ТАЗАЛАП, ЭКОЛОГИЯНЫ САКТАЙТ
Кечээ Корея Республикасынан Кёнги провинциясынын турак-жай жана шаар куруу корпорациясынын делегациясы келип, КР Президентине караштуу УИАнын Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын жетекчиси Акжол Чакибаев менен жолугушкан.
Ушул тапта Кёнги провинциясынын “Көмүртектүү нейтралдуу токойду түзүү 2025” долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тараптар экология, жашылдандыруу жана туруктуу өнүктүрүү жаатында мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашып, макулдашууларды ырастаган документтерге кол коюшту.
Мындан улам, бүгүн 3 күндүк көмүртектүү нейтралдуулук боюнча семинар Улуттук илимдер академиясында башталды. Максаты – климаттын өзгөрүүсүнүн себебин жана кесепетин түшүнүү, климаттын өзгөрүүсүнө таасир берген токойлордун аткарган милдетин үйрөнүү, эл аралык экологиялык келишимдердин азыркы абалы жана тарыхы менен таанышуу.
Семинардын башталышында Кореянын Кёнгги провинциясынын токой тармагын изилдөө борборунун директору Ким Ли Гон, КР Президентине караштуу УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, семинардын ишине ийгиликтерди каалады.
Ушул тапта семинар 3 сессияга бөлүнүп өтүп жатат. Окууну Кёнги провинциясынан келген менеджер Парк Чжехо, Донгук университетинин профессору Парк Донгхун, Кёнги провинциясынын токой тармагын изилдөө борборунун изилдөөчүсү Чой Байунг Гил мырзалар өтүүдө.
Эртең, 30-октябрда Корея Республикасынан келген меймандар менен Кыргызстанда көмүртектүү-нейтралдуу токойду түзүү боюнча долбоорду жыйынтыктоо аземи болот.