Меню
ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ ДОЛБООРУНА УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ТИЕШЕСИ БАРБЫ? (РАСМИЙ БИЛДИРҮҮ)
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда кыргыз тилинин жаңы эрежелери кызуу талкууга алынууда. Бул маселеге байланыштуу тактоо киргизебиз:
Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Улуттук илимдер академиясында (УИА) «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өткөн. Коомчулуктун активдүү бөлүгүнүн акыркы 1,5-2 жылдан бери КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга кайрылган өтүнүчтөрүнүн негизинде бул иш-чара ушу комиссия тарабынан уюштурулган.
Маалымат үчүн: Кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерин кайрадан иштеп чыгуу маселесин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия толугу менен координциялады. Бул мекеменин 2025-жылдын 14-апрелиндеги №18 тескемесине ылайык, 31 кишиден турган атайын эксперттик топ бекитилген жана орфографиялык эрежелерди иштеп чыгуу иш тартиби белгиленген.
Бул эксперттик топко өлкөнүн 7 облусу жана 2 ири шаарынын өкүлдөрү менен бирге, УИАнын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунан 2 кызматкери гана мүчө катары кирип, талкууларга катышкан.
Соцтармактарда нааразычылык жаратып жаткан тил эрежелери боюнча долбоорду Улуттук илимдер академиясы же анын курамындагы Тил илими институту эмес, атайын түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.
Бул маселеге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын да, Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун да тиешеси жок экенин расмий түрдө билдиребиз.
Академик С.Ж.Мусаев