Меню

A A
ТИГИЛГЕН КӨЧӨТТӨР БИШКЕКТИ ТАЗАЛАЙТ

ТИГИЛГЕН КӨЧӨТТӨР БИШКЕКТИ ТАЗАЛАЙТ

Кечээ, 30-октябрда КР Президентине караштуу УИАнын Гареев атындагы Ботаникалык багында Корея Республикасынын Кёнгидо провинциясынын Кыргызстанда 5 жылдан бери ишке ашырылып келген Көмүртектүү- нейтралдуу токойду түзүү долбоорунун жыйынтыктоочу аземи болду.
Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов жана долбоордун алкагында Кореядан келген меймандар катышты.
“5 жылдын ичинде бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 630 миң доллар салынган. Бул каражатка көмүртектүү-нейтралдуу токойду түзүү үчүн питомник курулган, буга чейин 4060 көчөт отургузулду. Кореянын Тынчтык багынын да иштери жыйынтыкталып калды. Мындан сырткары, көмүртектүү-нейтралдуу токойду түзүү боюнча 3 күндүк окуу болуп, Кореядан келген илимпоздор биздин адистерге токой, көмүртек боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды үйрөтүштү”, - деди УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов.
“Долбоордун иши аяктап жатса да биз эки өлкө ортосунда климаттын бузулушуна каршы келечекте иштерди аткара беребиз. Бул ишти ашыргандардын баарына, өзгөчө Улуттук илимдер академиясына ыраазычылыгымды билдирем. Бул иш-чара эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого салым кошту. Ботаникалык бакка тигилген миңдеген көчөттөр дүркүрөп өсүп чыкса, акыркы 30 жылда 3 миң 400 тонна көмүртекти жок кылып турат. Ботаникалык бак Корея менен Кыргызстандын ортосунда достуктун, ишенимдин багы болуп калат деп ойлойм”, - деди Кыргызстандагы Кореянын элчиси Ким Кванджэ.
Акыркы 5 жылдын ичинде долбоордун алкагында: Корея тынчтык багы, көчөттөрдү отургузуу үчүн 6 күнөскана, көмүртектуу-нейтралдуу токойду негиздөө, долбоордогу обьекттерди камсыз кылуу жана коргоо үчүн акыркы үлгүдөгү жабдуулар алынган.
Эми долбоор баштаган иштерди УИАнын Гареев атындагы Ботаникалык багы улантат.

Сүрөттөр