Меню
ТАТЫКТУУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Бүгүнкү эл аралык илимий конференциянын жыйынтыгында илим күнүнө карата КР Илим, билим берүү жана инновациялар министрлиги жана КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы илимге салым кошкон кызматкерлерди, илимдин докторлорун, кандидаттарын, мыкты кызматкерлерди сыйлыктар менен сыйлады.
Улуттук илимдер академиясы өзүнүн токтомунун негизинде “Улуттук илимдер академиясына 70 жыл” медалы менен төмөнкү кызматкерлерди сыйлады:
Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзяньпин, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окема, БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуу иштери боюнча проректору Алмазбек Эргешов жана көптөгөн өз ишинде ийгилик жараткан инсандар УИАнын президенти Канатбек Абдрахматовдун колунан медалдарды, Ардак грамоталарды алышты.