Меню

A A
ТАТАРСТАН ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫ ӨТҮҮДӨ

ТАТАРСТАН ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн 7-октябрда Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын түзүлгөнүнүн 35 жылдыгы Татарстандын борбору Казан шаарында белгиленүүдө. Мааракелик иш-чарага КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев катышууда. Жолугушууда мындан аркы кызматташтык жана илим изилдөө ишмердүүлүгүнүн жаңы багыттары талкууланат.
Иш-чаранын программасы фундаменталдык илимди кеңири масштабдагы маданий багыт менен айкалыштырат. Казанда илимдин негизги жетишкендиктеринин көргөзмөсү уюштурулуп, Россия Илимдер академиясынын (РАН) Аймактык саясат боюнча кеңешинин жыйыны өтөт. Ошондой эле тематикалык секциялар жана аймактык академиялар ассоциациясынын жолугушуусу өткөрүлөт.

Сүрөттөр