Меню
ТАТАРСТАН ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНАН ИЛИМПОЗДОР КЕЛИШТИ
23-октябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына Татарстан Республикаынын илимдер академиясынын президентинин орун басары, аппарат жетекчиси Рустем Камалов жана Татарстан илимдер академиясынын археология институтунун директору Айрат Ситдиковдор келишти.
Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын символу болгон ак илбирстин күнү. Татарстан Республикасынын гербинде ак илбирс тартылган. Илимпоздор бирок Татарстанда ак илбирс болбосо да гербге ак илбирстин элесин түшүргөнүнө сыймыктанышты жана бизди бул майрамыбыз менен куттукташты.
Татарстан илимдер академиясынын археология институтунун директору Айрат Ситдиков түрк тилдүү элдердин орто кылымдан берки тарыхын изилдөө максатында бир топ талаа-археологиялык казуу иштерин жүргүзүп келатышканын, Чүйдөгү Кең-Булуңдун тарыхый жерлерин биргеликте казып жатышканын айтты. Орто кылымдардан берки орток түрк баалуулуктарын таап, изилдөө, Махмуд Кашкариде жазылган жер аталыштарындагы картаны аныктоо, Орто Азия өлкөлөрүнүн соода байланыштарындагы өзгөчөлүктөрдү тактоо, археологиялык иштердин жыйынтыгында үч монографияны жазуу иштерин колго алып жатышканын жана бул чоң долбоорду кеңейтүү үчүн КР Улуттук илимдер академиясынын да жардамы керек болоорун билдирди.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов келген меймандарды жылуу кабыл алып, түбү бирге түрк боордоштор менен тарыхыбызды бирге изилдөөгө сөзсүз жол ачуу керектигин, кызматташуу үчүн келишимдерди түзүүгө даяр экенин билдирди.