Меню

A A
ТАЛАШ-ТАРТЫШ ТАКТЫККА ЖОЛ АЧАТ

ТАЛАШ-ТАРТЫШ ТАКТЫККА ЖОЛ АЧАТ

Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында Президиумдун чогулушу болуп өттү. Күн тартибинде 5 маселе каралды.
Улуттук илимдер академииясынын жаңы Уставынын долбоору жөнүндө маалыматтар, “Фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө” Жобонун долбоору, Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Жобонун долбоору, Улуттук илимдер академиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо критерийлери жөнүндө жана ар түрдүү маселелер каралып, талаш-тартыштар болду.
Кайсы учурда академик, мүчө-корреспондент болот, канча жашка чейин, канча санда, анын критерийлери кандай? Ушул сыяктуу талылуу маселелер тыкыр каралууда.
Бүтүндөй илим чөйрөсүнүн тагдыры чечилип жаткан ченемдик-укуктук актыларды кароодо академиктер акылдашып, бир пикирге келүү менен ишти алдыга жылдырып баратышат.

Сүрөттөр