Меню

A A
СҮЙҮНЧҮ! ЖАРЛЫК ЧЫКТЫ

СҮЙҮНЧҮ! ЖАРЛЫК ЧЫКТЫ

“Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин № 135 Жарлыгы 2026-жылдын 6-апрелинде чыкты.
Ата Мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, илимий, билим берүү жана өндүрүш чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо, илимий ишти башкарууну оптималдаштыруу максатында КР Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясына, КР Президентине караштуу УИАнын илимий мекемелерине, КР Министрлер Кабинетинин, тармактык мамлекеттик органдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын карамагында турган илимий жана илимий-техникалык уюмдарга финансылык автономия берилет.
Ага ылайык, эми илимдер академиясы, анын илимий институттары өздөрү тапкан каражаттарын өздөрүнө жумшай алышат.
Бул боюнча бүгүн Улуттук илимдер академиясында жыйналыш болуп, президент Канатбек Абдрахматов өзүнүн эмгек жамаатына жана илимий институттардын директорлоруна жакшы жаңылыкты кабарлады.

Сүрөттөр