Меню

A A
СҮЙҮНЧҮ! ПРЕЗИДЕНТ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ

СҮЙҮНЧҮ! ПРЕЗИДЕНТ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ

16-июнда “КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамга кол коюлду. Бул боюнча КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов жооп берди.
- Мыйзамдын кабыл алынышы үчүн Президент Садыр Нургожоевичке терең ыраазычылыкты илимдер академиясынын атынан билдирем. Себеби, Президенттин демилгеси, деми, жардамы менен көп жаңылыктар ишке ашып жатат. Мыйзамды бир жылдан ашык талкуулап, кемчиликтерин толуктап, каршы чыккандар менен салгылашып жатып, эми аягына чыгардык. Кабыл алынгандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мыйзамдын өзгөчөчөлүгү – Улуттук илимдер академиясы КР Президентинин алдында болуп калды. Бул бизге чоң мүмкүнчүлүк берет. Мурда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында болчубуз. Экинчиси – КР Президенти Улуттук илимдер академиясынын президентин дайындайт. Мурун академиянын президенти шайланчу. Андан кийин дайындалган Улуттук илимдер академиясынын президенти академиянын бөлүмдөрүнүн, илимий институттарынын директорлорун өзү дайындайт. Мурда алар шайланчу.
Дагы бир жаңылык – мурда ижарадан түшкөн акчалар 100% Өкмөткө кетчү. Ошондуктан академияда дайыма акча тартыш болуп, келген делегацияларга белек да бере алчу эмеспиз. Эми түшкөн акчалар атайын эсепке түшүп, аны өзүбүз пайдаланабыз. Ушуну туура пайдалансак, академиянын абалы кыйла көтөрүлөт. Академия үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү, эми биз жакшылап иштешибиз керек.