Меню

A A
СҮЙЛӨСӨ МАЙ ДААМДАНАТ

СҮЙЛӨСӨ МАЙ ДААМДАНАТ

Бүгүн, 15-декабрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Бектемир Мурзубраимовдун 85 жашка толгондугуна карата “Академик Б.Мурзубраимовдун илимий-педагогикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгү Кыргызстандын илим жана жогорку билим берүүсүн өнүктүрүү констексинде” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Ага КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, вице-президенти Чолпонкул Арабаев, КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, экс премьер-министр Акылбек Жапаров, академиктер Жамин Акималиев, Абдыганы Эркебаев, Шарипа Жоробекова, Асанкадыр Жунушев жана ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору, илимпоздор, коомдук ишмерлер катышты.
“Сиз Улуттук илимдер академиясынын химия жана химиялык технологиялар институтунда иштеп, көп жылдан бери илимге олуттуу салым кошуп келатасыз. Сиз миң айлык өмүрдөн ашып өтүп, даңазалуу ак калпак, ак чепкен жаап сыйлаган урматтуу жашка жетип турасыз. Сизге Министрлер Кабинетинин атынан бекем ден соолук каалайбыз. Кыргыз элине бере турган нускаңыз түгөнбөсүн, аксакалдык ак батаңыз эли-журтубузга тие берсин”, - деди КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиевдин куттуктоо сөзүн окуган Эдил Байсалов.
“Мен 2001-жылы Ош коопсуздук кызматын жетектеп турганда Бектемир Мурзубраимович ОшМУнун ректору эле. Химияны көбү эле өздөштүрө албайт, татаал кесипти өздөштүрүп, ушул кесиптин өтөөсүнө чыгып, академик болдуңуз. Сиз окуткан студенттер абдан көп, канчалаган кандидаттарды, илимдин докторлорун даярдап чыгардыңыз. Үй-бүлөдө байбичеңиз бекем тыл болду. Балдарыңыз, неберелериңиз абдан жакшы чыкты. Мунун баары сиздин ийгиликке жетишиңизге көмөк болушту. Бактылуу болуп, дагы узак жашай бериңиз”.
Б.Мурзубраимовдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү боюнча замандаштары, белгилүү инсандар жакшы сөздөрүн арнашты. Конференциянын аягында академик Б.Мурзубраимовдун илимдеги ишмердүүлүгүн таануу, улантуу, андан ары окуп-үйрөнүү, ал негиздеген илимий мектептерди өнүктүрүү, демилгелерин колдоо боюнча резолюция кабыл алынды.

Сүрөттөр