Меню
СУУСУ БАР ӨЛКӨ БАЙ ӨЛКӨ
2026-жылдын 24-мартында КР Улуттук Илимдер Академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунда “Азыркы этапта Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын тактоо үчүн инновациялык технологияларды колдонуу” аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү. Иш-чара Дүйнөлүк суу ресурстары күнүнө арналды.
Семинардын максаты – ИВПиГЭнин 1973–2000 жана 2001–2025-жылдардагы мөңгүлөрдүн өзгөрүшү жана Чу–Талас бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарынын калыптанышы боюнча салыштырма анализдин натыйжалары жана инновациялык методологиялары менен кызыкдар мекемелерди тааныштыруу болду.
Семинарга 45 катышуучу келип, алардын арасында КР Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматы, Кыргызгидромет, Энергетика министрлиги, КР Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализацияны өнүктүрүү департаменти, Жогорку окуу жайлар, КР ӨКМ алдындагы Өзгөчө кырдаалдарды мониторинг жана божомолдоо департаменти, Кыргыз ирригация илим-изилдөө институту, Дүйнөлүк банк, ОБСЕ, ПРООН өкүлдөрү болду.
Программа төмөнкү багыттар боюнча жаңы методологияларды талкуулоону камтыды:
• Гидрометеорологиялык байкоолордун үзгүлтүккө учураган катарларын калыбына келтирүү ыкмалары.
• Климаттын өзгөрүшү шартында дарыялардын агым режиминин мыйзамченемдүүлүктөрүн аныктоо.
• Суу ресурстарынын кошумча булагы катары жер астындагы сууларды сугатка пайдалануу.
• Тоо дарыяларынын изилденбеген кесилишинин гидроэнергетикалык келечегин баалоо.
• Тоо көлдөрүнүн жарылуу коркунучун баалоо мүмкүнчүлүгү.
• Мөңгүлөрдүн өзгөрүшүн алыстан байкоо ыкмалары.
Семинардын катышуучуларын КР УИАнын президенти К.Е. Абдрахматов, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору Д.Т. Чонтоев жана Дүйнөлүк банктын өкүлү А.А. Баялиева куттукташты. Институттун директорунун милдетин аткаруучу Р.А. Сатылканов “Чу жана Талас дарыяларынын бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарынын учурдагы баасы жөнүндө” баяндама жасады. Андан соң институттун алдыңкы адистери жогорудагы багыттар боюнча өздөрүнүн методикалык иштеп чыгууларынын жыйынтыктарын сунушташты.
Семинар активдүү талкуулар менен коштолуп, методикалык жана практикалык сунуштар иштелип чыгып, тиешелүү ведомстволорго жөнөтүлдү.