Меню

A A
СТУДЕНТТЕР ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА

СТУДЕНТТЕР ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА

Бүгүн академия жаш конокторду - Кувейт эл аралык университетинин студенттерин кабыл алды. Алар Улуттук илимдер академиясынын ичин, сыртын кыдырып, конференциялар өтүүчү кичи-чоң залдарын, биологиялык музейин көрүштү.
Академиянын президенти Канатбек Абдрахматов студенттерди өзү кабыл алып, жаш кезинде туура максат койгонун, ошол максаты менен бир топ ийгиликтерге жетишкенин, алдыга туура максат коюу керектигин айтып, мисалдар менен жаштарга көптөгөн өтө баалуу кеңештерин берди.
Ал эми УИАнын Тарых, археология жана этнография институтунун директору, академик Абылабек Асанканов студенттерге археология жана этнография боюнча түшүнүктөрдү берип, кыргыздын каада-салттарын, кызыктуу окуяларын мисалдар менен айтып берди.
Аягында студенттер уникалдуу жан-жаныбарлар музейине кирип, көңүлдөрү кушубак кайтышты.

Сүрөттөр