Меню

A A
 СЕУЛ ЧЖО: АЙТМАТОВДУН КӨРКӨМ ҮНҮ ЖАЛПЫ КҮҢГҮРӨНГӨН ҮНДӨРДӨН КЕСКИН АЙЫРМАЛАНГАН

СЕУЛ ЧЖО: АЙТМАТОВДУН КӨРКӨМ ҮНҮ ЖАЛПЫ КҮҢГҮРӨНГӨН ҮНДӨРДӨН КЕСКИН АЙЫРМАЛАНГАН

Бүгүн 10-июнда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган «Ысык-Көл форумунун жаңырыгы: XXI кылым жана Аалам проблемасы» аттуу иш-чара болуп өттү. Аны Ч.Айтматов атындагы Адабият институту уюштурду. Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Дже, КЭРдин Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Ли Хуа, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданият боюнча кеңешчиси Солмаз Хаберал, Кыргыз Республикасындагы Франция Элчилигинин маданият боюнча атташеси Этьен Лансело, эл аралык жана илимий-маданий коомчулуктардын өкүлдөрү катышты.

“40 жыл мурда Чыңгыз Айтматов тарабынан уюштурулган Ысык-Көл форуму тынчтыкты сактоо, руханий өнүгүү, глобалдык жоопкерчилик маселелерин талкуулоого интеллектуалдык аянтча болгон. Форумдун идеясы – адамзаттын келечеги үчүн жалпы жоопкерчилик, жалпы адамзаттык баалуулуктарды биринчи орунга коюу болгон. Форумда экологиялык коопсуздук да негизги орунду ээлеген”, - деди Адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев. Мындан кийин институт тарабынан жаңы чыгарылган «Ысык-Көл форуму: глобалдык тынчтык жолунда (1986–2026)» аттуу жыйнак, (ага 1986-жылдан тартып өткөрүлгөн Ысык-Көл форумдарынын материалдары, баяндамалар жана архивдик маалыматтар топтоштурулган) «Айтматов дүйнө айдыңында» аттуу китептер сериясы (6 китеп), Чыңгыз Айтматовдун орус тилиндеги 12 томдук чыгармалар жыйнактарынын бет ачары болду.
“10-июнь Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөн күн. Бул күндү баарыбыз сөзсүз эскеребиз. Айтматов уюштурган Ысык-Көл форумунун 40 жылдык иш-чарасы өтөөрүнө 5-6 күн калды. Дүйнө жүзүндө Айтматовдун замандаштары аз калыптыр. Ошентсе да дүйнөгө атагы чыккан, замандаш болгон, чогуу жүргөн адамдарды Кытай, Италия, Франция, Россия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандан чакырып жатабыз. Аларга ошол деңгээлде талкуу уюштурушубуз керек. Ал жерде дүйнө жүзүнө угула турган баарлашуу болушу зарыл”, - деди КР мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу.
“Биздин академиянын Адабият институтунун кызматкерлери чет өлкөлөрдөн Айтматов жөнүндө пикирлерди чогултуп, аларды которуп китептерди чыгарып жатышат. Бул чоң эмгек, кыргыз эли үчүн да чоң белек. Алдыда уюштурулуп жаткан Ысык-Көл форуму дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурат, бул иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем”, - деди КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев.
Ал эми Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Дже мындай деди: “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары улуттук чек аралардан жана тил тоскоолдуктарынан ашып өтүп, адамдык кадыр-барк, тынчтык жана жашоо баалуулуктарын дүйнөгө даңазалап келет. Маданий диалог жана өз ара түшүнүшүү болуп көрбөгөндөй мааниге ээ”.
Бул күнү Айтматовдун чет өлкөлөрдө чыккан китептери боюнча изилдөөчүлөрдүн баалуу докладдары окулуп, иш-чара жогорку деңгээлде өттү.

Сүрөттөр