Меню
САЛТТУУ МУЗЫКА ТҮРК ДҮЙНӨСҮН БИРИКТИРЕТ
Жакында Түркиянын Анкара шаарында «Түрк дүйнөсүндөгү музыка: салттан келечекке, улуттук мурастан ааламдык мейкиндикке карай» эл аралык симпозиум болуп өттү. Симпозиум түрк дүйнөсүнүн музыка маданиятын талкуулаган илимий аянтча болду. Анда түрк дүйнөсүнүн музыкасынын тарыхы, салттардын жана азыркы маданияттардын байланышы, түркология музыкасынын методологиясы, музыкалык терминология, салттуу музыкалык инструменттер жана жаңы багыттар талкууланды.
2004-жылы Кыргызстанда болуп өткөн семинар жана ар жыл сайын 25-апрелде өтүүчү Салттуу музыка жумалыгы өзүнүн бай тажрыйбасы менен “Рух санат” жана “Көчмөндөр санаты” эл аралык илимий-чыгармачылык долбоорлорун ишке ашырган. Ушундан улам симпозиумда долбоордун демилгечилери 25-апрелди жыл сайын Түрк дүйнөсүнүн салттуу музыка күнү деп белгилөө сунушун кароону күн тартибине киргизишти.