Меню

A A
САДЫР ЖАПАРОВ – ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАТМАНЫ

САДЫР ЖАПАРОВ – ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАТМАНЫ

Бүгүн, мамлекеттик жана коомдук ишмер, саясат таануучу, УИАнын ардактуу академиги Жумагул Сааданбековдун “Президент Садыр Жапаров – жаңы Кыргызстандын жаратманы” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Илимдер академиясынын залы толуп, келгендердин баарына китеп таратылды. Академик, КР УИАнын вице-президенти Чолпонкул Арабаев жыйынды ачып, алгач өзү сөз сүйлөп, андан соң башкаларга узатты.
“Сиздер бул китептен эгемен мамлекетке ээ болгондон кийинки жаңы муундагы лидердин пайда болгонун, улуу муундагы саясатчылардын көз карашын, психологиялык, иш башкаруудагы менеджерлик, прагматикалык ой жүгүрткөн каарман менен кенен таанышып, анын жетекчилиги менен өлкөбүз жаңы нукта өнүгүп, дүйнөлүк жаңы арым менен кадам таштагандыгын, Кыргызстан жаңы доорду баштан кечирип жаткандыгын окуй аласыздар. Китепте Президент Садыр Жапаровдун бала чагынан бийликтин бийик тепкичине чыкканга чейинки тагдыры, башынан оор сыноолорду, кыйынчылыктарды өткөрсө да баарын жеңип, өлкөсүн дүйнөлүк аренага жетелеп бараткандыгы ынанымдуу жазылган”, - деди Чолпонкул Арабаев.
Ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчуев буларга токтолду: “Кыргыздын көрүнүктүү философу, ойчулу Жумагул Сааданбековдун Президент Садыр Жапаров жөнүндө жазган китеби маанилүү эмгек. “Ар бир элдин духун, тарыхын, менталитетин түшүнүш үчүн анын философиясын түшүнүш керек” деп Жумагул абабыз өзү айтып келгендей, кыргызга кыргызды түшүндүргөн адамдарыбыз аз. Аз адамдардын бири - Жумагул Сааданбеков. 86 жашыңызда ушул эмгекти жаздыңыз, 100гө чыкканча дагы эмгектерди жаза бериңиз”.
“Бүгүн өлкөбүздө тарыхта кала турган чоң иштер жасалып жатат. Жумагул Сааданбековду көп жылдан бери билебиз. Көптөгөн монографиялык стилдин автору. Улуу кишилердин калтырып кеткен улуу иштерин жазып жүрөт. Анын ичинде Н.Назарбаевди терең изилдеп, анализдеп чыккан. Бул китеп карапайым элге абдан керек, анткени азыркы Президент Садыр Жапаровдун ата-теги, бала чагынан берки басып өткөн жолу терең талданыптыр”, - деди экс премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов.
“Лидерлер басып өткөн жолу, күчтүүлүгү, эрктүүлүгү менен айырмаланат. Сиздин илимий-далилдүү фактылар менен жазылган бул китебиңиз абдан таң калтырды. Анткени бул жерде Германияда, Японияда, Россияда болгон иштер талданып, салыштырылып жатат. Сиз Кыргызстандын басып өткөн тарыхын, экономикасын талдап бердиңиз. Кыргызстандын келечеги адам капиталына байланыштуу экенин, 12 жылдык билим берүү системасын да жаза кеткенсиз. Сизди 1992-жылдан бери билем, анда мен мугалим болчумун. Далай жерде чечкиндүү экениңизди көргөм. Эми терең жаза алган китептерди сунуштап жатасыз. Китеп ар бир мектепке жетсе жакшы болмок. Жаштар лидерлердин ишин, жашоосун жакшы билүүсүнө мыкты курал экен”, - деди КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.
“Китеп орус тилинде жазылган. Москвада сунуштаганбыз, бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы деп баа беришти. Ал орус тилинде 500 нускада Москвада чыкты. Бизге 15-декабрда салып жиберишет. Китепти белгилүү адабиятчы Эсенбай Нурушев кыргыз тилине которду. Ага чоң ыраазычылыгымды билдирем. Китепте жеке Садыр Жапаровдун эле жетишкендиктери эмес, жалпы дүйнөлүк тенденциялардын ичинен авторитаризм 99% орун алган өлкөлөрдүн өнүккөнүн салыштырдым. Адам баласы жаралгандан баштап авторитаризм жаралган, демократия кечээ эле пайда болгон. Авторитаризм жеке адамдын бийлиги, диктатура дегендери туура эмес. Авторитаризм - улуттук мамлекеттин бийликтин башында турушу. Ушул бийликти колго алып, өлкөнү өнүктүрүп бараткан лидерлер жөнүндө китеп жазылды”, - деген Жумагул Сааданбеков келгендердин баарына ыраазычылык билдирди.

Сүрөттөр