Меню

ЗАМАНБАП МАТЕМАТИКАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ
2025-жылдын 27–28-июнунда (Бишкек – Ысык-Көл) КР Улуттук Илимдер Академиясынын математика институту, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кыргыз математика коомчулугу менен биргеликте математика боюнча Эл аралык илимий конференция “Заманбап математика жана анын колдонмолору — VI Борубаев окуулары” өткөрүлүүдө. Бул иш-чара КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги А.А.Бөрүбаевдин 75 жылдыгына арналган. Конференцияга Сербия, Чехия, Россия, Азербайжан, Корея, Түркия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөрдөн окумуштуулар катышууда.
Конференциянын негизги максаты — топология, геометрия, функционалдык анализ, алгебра, дифференциалдык жана интегралдык теңдемелер, татаал системаларды оптималдаштыруу ыкмалары сыяктуу заманбап математикалык маселелерди изилдөө жана аларды өнөр жайда, экономикада жана агрардык сектордо колдонуу үчүн математикалык моделдерди курууда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо.
• Конференцияны КР УИАсынын президенти Канатбек Абдрахматов ачты. Куттуктоо сөздөрүн КР УИАсынын президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абрахматов; КР ЖАК төрагасы Б.И. Борубашов; Жогорку Кеңештин депутаты Г.С. Молдобекова; КУУнун ректору Д.Т. Чонтоев; ОшМУнун ректору К.Г. Кожобеков; Кыргыз Республикасындагы МНТЦ регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси Динара Керимбаева; М.В. Ломоносов атындагы МГУнун механика-математика факультетинин жалпы топология жана геометрия кафедрасынын башчысы Ю.В. Садовничий; Кыргыз УИАсынын ардактуу доктору, Сербиянын Ниш университетинин ардактуу профессору Любиша Д.Р. Кочинац; Чехиянын Оломоуц университетинин профессору Йозеф Микеш; Баку мамлекеттик университетинин профессору С. Байрамов; Казак улуттук агрардык университетинин профессору Серикбаев А.У. сүйлөштү.
Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Исанов атындагы КМТУ, АУЦА, Карасаев атындагы БГУ, Арабаев атындагы КМУ, ОшМУ, ЖАГУ, БатМУ, Тыныстанов атындагы ЫМУдан да окумуштуулар катышууда.
Негизги баяндамачылар:
• Юрий Викторович Садовничий – МГУнун жалпы топология жана геометрия кафедрасынын башчысы;
• Любиша Д.Р. Кочинац – КР УИАсынын ардактуу доктору, Сербиянын Ниш университетинин ардактуу профессору;
• Йозеф Микеш – Чехиянын Оломоуц университетинин профессору;
• Александр Владимирович Осипов – Урал университетинин профессору;
• Сади Байрамов – Баку университетинин профессору;
• Артыкбаев Абдуллаазиз Артыкбаевич – Ташкент мамлекеттик университетинин профессору;
• Серикбаев Абдукадыр Усарович – Казак улуттук агрардык университетинин профессору.
“VI Борубаев окууларында” жети секция боюнча иш жүргүзүлөт. Жаш илимпоздордун мыкты баяндамалары диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Секциялар Ысык-Көлдө улантылат. Конференциянын баяндамаларынын материалдары уюштуруу комитетинин сунушу менен “КР УИАсынын Математика институтунун Вестниги” аттуу илимий журналында жарыяланмакчы.