Меню

A A
ПРЕЗИДИУМ ОТУРУМУНДА УСТАВ ЖАНА ЖОБО ТАЛКУУЛАНДЫ

ПРЕЗИДИУМ ОТУРУМУНДА УСТАВ ЖАНА ЖОБО ТАЛКУУЛАНДЫ


Бүгүн, 11-августта Улуттук илимдер академиясынын кичи залында Президиумдун кезектеги отуруму болуп өттү. Анда эки чоң маселе – КР Улуттук илимдер академиясынын жаңы Уставынын долбоору жана КР Улуттук илимдер академиясынын бөлүмдөрү жөнүндө Жобонун долбоору каралып, талкууланды.
Жыйындын жүрүшүн КР УИАнын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев жетектеди. Отурумга академиктер А.Акматалиев, О.Ибраимов, А.Жунушов, мүчө-корреспондент, УИАнын президенти К.Абдрахматов, УИАнын мүчө-корреспонденти А.Обозов, экономика илимдеринин доктору Б.Баетов жана Илимдер академиясынын юристтери катышты.
“Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Мыйзам күчүнө киргенден кийин ага ылайык 29 нормативдик-укуктук актылар иштелип чыгышы керек. Анын жетөө Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилиши зарыл. Ушул себептүү нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн академиктер А.Бөрүбаев, С.Мусаев, А.Эркебаев баш болуп, бир канча илимпоздор курамына кирген жумушчу топ иштеп жатат.
Уставдын негизги беренелери кабыл алынган жаңы мыйзамдан алынган жана мурдагы Уставдын айрым беренелери да калтырылган. Айрым беренелер жаңы жазылган. Буга чейин жаңы Устав бир топ оңдоп-түзөтүүлөрдөн өткөрүлгөн. Жалпысынан Уставдын 135 беренеси жана Илимдер академиясынын Жобосу илимпоздордун талашып-тартышуусунан кийин добуш берүү менен эмки КР Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынына чейин макулдашуудан өттү.
Айта кетчү сөз, Улуттук илимдер академиясынын академик Чолпонкул Арабаев баш болгон юристтери “КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирүү үчүн бир канча нормативдик-укуктук актыларды өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн талыкпай иштеп жатышат.