Меню
ПРЕЗИДЕНТ БЕКМАМАТ ДЖЕНБАЕВ ЭЛЧИ МОНИКО ЛЕНХАРД АЙЫМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев Кыргызстандагы Германия Федеративдүү Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен элчиликте жолугушту.
Жолугушуу абдан жылуу маанайда өтту. Президент Б.Дженбаев академия жургүзүп жаткан иштерди, илимий институттардын ишмердүулугүн айтып, “Илим жөнүндө”, “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамдарга, Уставга өзгөртүулөр киргизилип жатканын билдирди. Андан сырткары президент Улуттук илимдер академиясы Ысык-Көлдүн учурдагы абалын изилдөөгө, негизги экологиялык тобокелдиктерди аныктоого, бул уникалдуу экосистеманы туруктуу өнүктүрүүгө негизделген илимий чараларды иштеп чыгууга багытталган долбоорду ишке киргизип жатышканын айтты.
Эки тарап эки өлкөнүн илимий мекемелеринин ортосунда өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу, биргелешкен илим изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу багытында пикир алышты.
Моника Ленхард айым Германия менен илимий байланыштарды чыңдоо, илимий долбоорлорду ишке ашыруу үчүн байланыштарды күчөтүп, тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.