Меню

ВЕНГРИЯ ЭТНОГРАФИЯ МУЗЕЙИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ
Бугүн, 3-июлда Улуттук илимдер академиясына Венгриянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Венгриядагы Этнография музейинин директорунун орун басары, доктор Габор Верес, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Борку Эстер Базсо келип, академиянын президенти Канатбек Абдрахматов, вице-президенти Чолпонкул Арабаев менен жолугушуп, эки өлкөнүн илимдер академиялары, анын бөлүмдөрү, жаңы кабыл алынган “КР Илимдер академиясы жөнүндө” мыйзам, билим берүү, окутуунун Болон системасы, изилдөөчүлөрдүн жетишкендиктери, тарых, улут, айлык акылар, лабораториялардын курулушу, алдыдагы максаттар жөнүндө жылуу-жумшак сүйлөшүшту.
“Венгриянын 16-17 атуулу илим жаатындагы эмгеги үчүн Нобель сыйлыктарын алган, Кыргызстандан да аны ала тургандар сөзсүз чыгаарына ишенем. Венгрия мектеп жашынан эле жаш илимпоздорду чыгарууну колго алууда. Жаштарды ар кандай кубулуштарга кызыктырабыз. Жаңы муун илимге көңүл бурса деп атайын программаларды иштеп чыктык”, - деди элчи Шандор Дороги мырза.
Жолугушуунун аягында Улуттук илимдер академиясынын салттуу маданият жана искусство борбору менен Венгриянын Этнография музейинин ортосунда кызматташууга Меморандум түзүлдү. Ага УИАнын салттуу маданият жана искусство борборунун директору Роза Аманова жана Венгриядагы Этнография музейинин директорунун орун басары Габор Верес кол коюшту.