Меню

A A
ПАТЕНТКЕ БАЙЛАНЫШТУУ МЫЙЗАМДАР КАРАЛДЫ

ПАТЕНТКЕ БАЙЛАНЫШТУУ МЫЙЗАМДАР КАРАЛДЫ

17-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын кичи залында «Изилдөөлөрдө жана иштеп чыгууларда патенттик маалыматты колдонуу ыкмалары: патенттерге байланыштуу жергиликтүү жана эл аралык мыйзамдар жана эрежелер» темасында эл аралык семинар өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда инновациялар, интеллектуалдык менчик жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында өз ара түшүнүшүү жана өнөктөштүктү чыңдоо багыттарын камтыган.
Иш-чаранын алкагында УИАнын М.М.Адышев атындагы Геология институту менен Кореянын Патентти илгерилетүү ассоциациясы (KIPA) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Иш-чарага академиянын президенти Канатбек Абдрахматов да катышып, семинардын ишине ийгиликтерди каалады.

Сүрөттөр