Меню

A A
ПАЛЕОГЕНЕТИКТЕР УРАЛ ЖАНА ЕНИСЕЙ ТИЛДЕРИНИН БАЙЫРКЫ МЕКЕНИН АНЫКТАШТЫ

ПАЛЕОГЕНЕТИКТЕР УРАЛ ЖАНА ЕНИСЕЙ ТИЛДЕРИНИН БАЙЫРКЫ МЕКЕНИН АНЫКТАШТЫ

Дэвид Райх жетектеген палеогенетиктер тобу Сибирде 11–4 миң жыл мурда жашаган адамдардын геномдорун изилдешти. Эки байыркы калкка байланыштуу генетикалык маалыматтар тил илими менен айкалыштырылды. Прибайкалье аймагында жашаган адамдар енисей тил үй-бүлөсүнө кирген элдердин мүмкүн болгон ата-бабалары катары аныкталды. Ал эми урал тилдери (фин, венгр, удмурт жана ненец тилдери) азыркы Якутияны байырлаган калк менен байланыштуу болуп чыкты.
“Демек, урал тилдеринин байыркы мекени мурда ойлогондон алда канча чыгышта жайгашкан — жана биз алардын Евразия боюнча миграция тарыхын эми гана түшүнө баштадык”, - деди Дэвид Райх..