Меню
ОТЧЕТТОР ЖАКТЫРЫЛЫП, ОЙЛОР ОРТОГО САЛЫНДЫ
Кечээ Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында 2025-жылы аткарылган илимий изилдөө жана илимий уюштуруу иштеринин жыйынтыгы боюнча Жалпы жыйынынын жылдык сессиясы болду.
Жалпысынан бардык академиктер, окумуштуулар катышты. Академиянын президенти Канатбек Абдрахматов УИАнын жаңы мыйзамына ылайык академиялык илимдин жетишкендиктери жана келечеги тууралуу доклад жана академиянын тарыхында биринчи жолу, жаңы мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштоо үчүн илим жөнүндө улуттук баяндаманынын долбоорун окуду. УИАнын башкы окумуштуу катчысы Бермет Худайбергенова 2025-жылы аткарылган илимий жана илимий уюштуруу иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчет берди. Ал эми УИАнын каржы-экономикалык иштери башкармалыгынын башчысы Үмүт Абдылдаева УИАнын 2025-жылдагы каржылык отчету жана 2026-жылга бекитилген бюджети жөнүндө маалымат берди.
Андан соң жарыш сөздөр сүйлөндү. Академиктер ар кандай оң-терс ой-пикирлерин ортого салышты. Жыйында 6 кишиден турган жаңы президиумдун курамы ачык добуш менен шайланды.
Жалпы жонунан жылдык отчеттор жактырылып, токтомдор кабыл алынды.