Меню

A A
ОШТОГУ МЕДИЦИНАЛЫК-БИОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНДА

ОШТОГУ МЕДИЦИНАЛЫК-БИОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНДА

Өткөн жумада КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев Оштогу Медициналык-биологиялык көйгөйлөрдү илимий изилдөө институтунун илимий кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Институттун директору, КР УИА мүчө-корр б.и.д., профессор Тасилкан Жумабаева жамаатты жетекчиликке тааныштырды.
Институт 2023-жылдын 1-мартынан баштап өзүнчө иштеп келет. Учурда илим изилдөө институтунда 30 кызматкер, анын ичинен 18 илимий кызматкер: 2 илимдин доктору, профессор, мүчө-корреспондент, 11 илимдин кандидаты эмгектенет. Институтта 4 илимий лаборатория иштейт. Алар:
- Клиникалык лаборатория - жаак-бет оорулары, андрологиялык жана онкологиялык багыттарда изилдөөлөр жүргүзүлөт;
- Биомедицина лабораториясы - Кыргызстандын райондорунда, алкактык, экологиялык өзгөчөлүктөрүнө карата антропометрикалык өзгөчөлүктөр, техногендик булгануулар, бийик тоо гипокциясынын тирүү организмдерге таасири изилденет;
- Микробиология жана экология лабораториясы - техногендик (радиация калдыктары, гербицид, пестицид таасирлери) булганган түрдүү ИКО ооруларынын инфекцияларынын козгогучтары (Майлы-Суу шаарында), алардын алдын алуу, жок кылуу жолдору, Ош шаарынын экологиясы, биокөптүрдүүлугү, шаардагы декоративдик өсүмдүктөрдүн фитопатогендери, жок кылуу чаралары изилденет.
- Баткендеги аймактын туруктуу өнүгүүсүн изилдөө лабораториясы - Айгүл тоосунун, Мадыген жаратылыш геопаркынын учурдагы абалы, чек ара зоналарындагы балдардын психо-физиологиялык абалы изилденет.
Академиянын жетекчилиги лабораторияларды кыдырып чыгышты жана Баткен лабораториясы менен on line zoom аркылуу талкууга катышты. Медициналык көйгөйлөрдү изилдөө институтунда аткарылган иштерди институттун окумуштуу катчысы, доцент Ж.Т. Молдалиев тааныштырды.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, илимий натыйжаларды өндүрүшкө жана практикага киргизүү, жаш окумуштууларды колдоо жана эл аралык гранттык долбоорлорго активдүү катышуу зарылдыгын белгиледи. Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, жаш окумуштууларды даярдоо жана чарбалык иштерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмалары берилди.

Сүрөттөр