Меню

A A
ООРУГАН КИТЕПТЕР ДАРЫЛАНАТ

ООРУГАН КИТЕПТЕР ДАРЫЛАНАТ

Кечээ КР УИАнын керемет китепканасына Казакстан улуттук китепканасынын кызматкерлери келип, жаңыланган жайдын абалын көрүп, жасалып жаткан иштерди талкуулашты.
Алар Бишкектеги Америка университетинде өтүп жаткан китепканачыларды окутуу семинарына катышуу жана өз тажрыйбалары менен бөлушүү максатында келишкен. Казакстандан келген коноктор Улуттук илимдер академиясынын илимий китепканасынын директору Ширин Ибраимиова менен жолугушуп, китепкананын ичин, лабораториясын кыдырышты. Казак коллегалар Ширин Жапаровна химия институтунун кызматкерлери менен биргеликте ойлоп тапкан тазалоочу препаратка кызыгып, абдан суктанышты. Салыштырып айтсак, коңшу өлкөлөрдүн китепканалары ооруган китептерин “айыктыруу” үчүн андай препаратты Америка, Жапониядан алдыртышат.
Улуттук илимдер академиясынын китепканасы уникалдуу илимий жана ар туртүү мазмундагы 2 млн китепти өзүнө камтыйт. Эң улуу 300 жыл мурун чыккан китеп да бар.

Сүрөттөр