Меню
НУР ЖААГАН ЖАЙ
Кара-Балта шаары ушул жайы менен адамдарды өзүнө адамдарды тартат экен. Бул шаарда Абдурахим деген кыргыздын мыкты уулу агартуучу жай уюштуруптур. Чыныгы Ислам динин тааныштыруу менен эркек балдар үчүн 40ка жакын кесиптик билимдерди беришет экен. Республиканын бардык жагынан келген карапайым адамдардын уулдары ичи кооз, китептери көп, кыргыздык баалуулуктарга, каада-салтка сугарылган жайда окуп, улууну урматтап, кичүүнү ызааттоо менен билим, тарбия алышат.
УИАнын вице-президенти Чолпонкул Арабаев, УИАнын биология институтунун директору Жамила Карабекова, экономика институтунун директору Батыралы Баетов, Ботаникалык бактын директору Мелис Чакибаев, Токой илимий изилдөө институтунун директору Муслим Ражапбаев Кара-Балта шаарында жайгашкан Жусуп Баласагын атындагы дин агартуу борборуна барып, керемет жай менен таанышып чыктык. Бул агартуу борбордун алдында Имам Азам медресеси, "Нур амана" интернаты, Куран-хадис академиясы, Чубак ажы Жалилов атындагы китепкана, зоопарк бар экен. Ушул тапта Теология университети курулуп жаткан экен, эмдиги жылы курулушу аяктап, ишке берилет. 30 жылдан бери ушул керемет жайды түзгөн Шейх Абдурахим башында жетимдердин башынан сылап, ушул жерде асырап, ыйык жолго салганын айтып берди. Ошончо жылдан бери Кудайдын жардамы менен миңдеген балдар окуп, түз жолго түшүп, ар түрдүү кесиптерди үйрөнүп чыгаарын көрдүк. Бул жай Орто Азияда жок, билим менен тарбия айкалышкан ыйык жай экен. Бир көрүп коюңуздар