Меню

A A
НИЯЗААЛЫ БОРОШ УУЛУНУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МУРАСЫ ЖАНА КОМУЗЧУЛУК ӨНӨР

НИЯЗААЛЫ БОРОШ УУЛУНУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МУРАСЫ ЖАНА КОМУЗЧУЛУК ӨНӨР

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору ушул темада илимий-практикалык конференция өткөрөт жана этномузыка, музыка, фольклор, маданият таануучуларды, тарыхчыларды, жогорку жана орто кесиптик музыкалык билим берүү мекемелеринин окутуучуларын, комузчу-устаттарды жана жаш изилдөөчүлөрдү илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырат.
Конференциянын максаты - залкар комузчу Ниязаалы Борош уулунун чыгармачылык мурасын кыргыздын оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосунун контекстинде комплекстүү изилдөө; кыргыз комузчулук өнөрүнүн тарыхый өнүгүшүн жана аймактык аткаруучулук мектептерин илимий жактан талдоо; айтым күүлөрдүн жанрдык жана аткаруучулук табиятын изилдөө; салттуу музыкалык билимди “устат–шакирт” системасы аркылуу сактоо жана кийинки урпактарга өткөрүү маселелерин талкуулоо. Конференция Ниязаалы Борош уулунун чыгармачылыгы аркылуу кыргыз комузчулук өнөрүнүн тарыхын, аймактык мектептерин, аткаруучулук салттарын жана оозеки музыкалык мурастын жашоо мыйзам ченемдүүлүктөрүн кеңири илимий контекстте кароого багытталат.
Катышуу формасы: оффлайн.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында, Чүй проспектиси, 265а өтөт.
Өтө турган күнү: 19-ноябрь
Убактысы: 10:00–14:00
Конференцияга катышуу үчүн Өтүнмөнү жана макаланы 2026-жылдын 1-ноябрына чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: ctcanankr@gmail.com