Меню

A A
НАНКИНДЕ БОРБОР АЗИЯ БАСМА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ. АКМАТАЛИЕВДИН КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ КИТЕБИ ЧЫКТЫ

НАНКИНДЕ БОРБОР АЗИЯ БАСМА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ. АКМАТАЛИЕВДИН КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ КИТЕБИ ЧЫКТЫ

Кытайдын Нанкин шаарында 2025-жылдын 27-октябрында Борбор Азия басма борборунун ачылыш аземи жана Нанкин менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара котормо жана басып чыгаруу долбоору боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академиги, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев катышты. Ал Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы классикалык чыгармаларды өз ара которуу программасы боюнча эксперттик комитеттин төрагасы болуп да саналат.
Ачылыш аземи Нанкин басма жана медиа тобу менен Нанкин шаарынын Сюаньу району боюнча Эл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, Кытай–Борбор Азия эркин соода кызматташуу платформасынын алкагында өттү.
Иш-чарада академик Акматалиевдин «Чыңгыз Айтматов: адам жана аалам» аттуу кытай тилиндеги китебинин бет ачары болуп өттү. Китеп кытай окурмандарынын жана адабий чөйрөнүн чоң кызыгуусун жаратты.
Борбор Азия басма борбору маданий диалогду тереңдетүүгө жана жалпы гуманитардык баалуулуктарды жайылтууга жаңы аянтча болуп калмакчы. Борбордун ишмердүүлүгү «Кытай–Борбор Азия рухуна», өз ара урмат-сыйга, ишенимге, колдоого жана пайдалуу өнөктөштүккө негизделет.
Бүгүн Кыргызстан менен Кытайдын маданий байланышы жаңы баскычка көтөрүлүп, элдер ортосундагы диалогду жана көп кылымдык достукту чыңдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууда.