Меню
МЫКТЫ ФИЛОСОФ ЭЛЕ...
Кыргызстандын философия илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун бөлүм башчысы Стамова Рахат Дуйшембуевна 70 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Рахат Дуйшембуевна бүтүндөй өмүрүн илимге, агартууга жана кыргыз философиясынын өнүгүшүнө арнаган. Жогорку билим алып, СССР Илимдер академиясынын Философия институтунун аспирантурасында илимий даярдыктан өтүп, философия илимдеринин доктору, профессор жогорку илимий даражасына жеткен.
Ал 1956-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Философия институтунун күндүзгү аспирантурасында окуп, 1988-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Анын илимий-педагогикалык ишмердиги 46 жылды камтыйт. Рахат Дуйшембуевнанын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын инсан проблемасы, социалдык философия, маданият жана руханият, саясат, цивилизация философиясы түзгөн.
Окумуштуунун эмгектери адамдын коомдогу орду, руханий дүйнөсү, инсандык өнүгүүсү жана коомдук процесстердин философиялык маңызы сыяктуу маанилүү маселелерди терең изилдөөгө багытталган. Өзүнүн илимий изденүүсү, терең билими жана принципиалдуу позициясы менен философия илиминин өкүлдөрүнүн бир нече муунуна үлгү болуп келди.
Рахат Дуйшембуевна кесиптештеринин арасында жогорку кесипкөйлүгү, илимге берилгендиги, адамгерчилиги, талапчылдыгы жана жөнөкөйлүгүменен өзгөчө урмат-сыйга ээ болгон. Анын илимий шакирттери кыргыз философиясынын тарыхында өз ордун ээлеп, анын жаркын элесин түбөлүк сактап калат.
Рахат Дуйшембуевнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине, шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Улуу окумуштуунун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын жалпы жамааты

Акыркы жаңылыктар
1592
ЖАРЫЯ