Меню

A A
МУСА АДЫШЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ

МУСА АДЫШЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институту бүгүн Улуттук илимдер академиясында “Тянь-Шандын геологиясы, географиясы, геоэкологиясынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Конференция Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, илимге эмгек сиңирген ишмер, гелогия-минерология илимдеринин доктору, профессор Муса Адышевдин 110 жылдык мааракесине арналат.
Көрүнүктүү кыргыз геологун эскерүү сөздөр 17-октябрда саат 10до башталат. Иш-чарага КР Министрлер Касбинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана илимпоздор катышат.

Сүрөттөр