Меню

A A
МОНГОЛИЯ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ

МОНГОЛИЯ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ

21-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух келди. Аны КР Президенти Садыр Жапаров жогорку деңгээлде тосуп алды. Анда эки өлкө башчылары ар тараптуу өнөктөштүктү түзүү жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Андан сырткары 13 мекеме өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Анын ичинде КР Улуттук илимдер академиясы менен Монголия Илимдер академиясынын ортосундагы илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана КР УИАсынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту менен Монголиянын Илимдер академиясынын Археология институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар.
Бул мамлекеттик сапардын алкагында бүгүн, 22-июлда Улуттук илимдер академиясына Монголиянын илимдер академиясынын президенти Содномсамбуугийн Дэмбэрэл жана Монголия илимдер академиясынын Археология институтунун директору Гэлэгдоржийн Эрэгзэн келди. Ал КР УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов менен жолугуп, илимдер академияларында болуп жаткан иштерди сүйлөшүп, мындан аркы кызматташуу жөнүндө пикир алмашты. Жакынкы келечекте археологиялык казууларды жүргүзүү, станцияларды өнүктүрүү боюнча адистердин тажрыйбаларын алмашуу, Кыргызстандын жер-жемиштерин Монголияда өстүрүү боюнча иштерди колго алуу макулдашылды.

Сүрөттөр