Меню

A A
МАТЕМАТИКА МАЙРАМЫ

МАТЕМАТИКА МАЙРАМЫ

Бүгүн, Улуттук илимдер академиясында академик Алтай Бөрүбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Конференцияга КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева, Улуттук илимдер академиясынын академиктери, ЖОЖдордун ректорлору, илимпоздор, коомдук ишмерлер катышты. Мааракелик иш-чараны КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов алып барып, Алтай Асылкановичке жылуу сөздөрүн арнады.
Андан соң КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин куттуктоо сөзүн КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуп берип, анын Кыргызстанда эле эмес, ааламга тараган илимий ачылыштарын, ЖОЖдорду, парламентти жетектеген эмгектерин, математика илимине кызыккан бир канча илимпоздорго жол салганын айтып, сейрек кездешүүчү космикалык илимпоз, бийик парасаттуу инсан экенин белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаты Т.Ашымбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун куттуктоо сөзүн окуп берди. Андан соң академиктер, окумуштуулар куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Академик Абдылдажан Акматалиев: “Сиз табигый так илимдердин өкүлү болсоңуз дагы көркөм адабиятка, маданиятка, тилге абдан кызыгып, ойлоруңузду айтып келатасыз. Сиздин жүрүм-туруңузда, тилиңизде, ичиңизде нравалык атомдук күч бар деп ойлойм. Анткени сиз чындыкты, адилеттикти, абийирди, калыстыкты туу тутасыз. Сиздин феномениңиз али ачыла элек. Ал али табышмактуу, сырдуу. Кутман курагыңыз кут болсун”.
Академик Миталип Мамытов: “Сиз математика илимин абдан жогору көтөрдүңүз. Аракетиңиз менен илимди тоого чыгардыңыз. Анткени, сиздин бийиктигиңиз тоого татыктуу. Баштын бийиктиги тоо менен бирдей. Сиз чыныгы интеллектуалдык деңгээлде иштеп, ички дүйнөңүздү таза сактадыңыз”.

Академик Чолпонкул Арабаев: “Мен агай менен Улуттук университетте чогуу иштештим. Билим, илим жолунда 30 жылдан бери ийиндеш иштеп келатабыз. Агай Москва мамлекеттик университетинде докторантурада, мен СССР илимдер академиясынын мамлекет, укук институтунда аспирантурада окуп, агай менен 3 жылдай бирге жүрдүк. Комузду да мыкты чертет. Мекенге болгон кусалыгыбызды агай комуз чертип кандырып алчубуз. Агайдын ийгиликке жетишине жубайынын зор салымы бар”.
Жазуучулар Союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев: “ “Мен үч Алтайды билем. Бирөө Манас атабыз төрөлгөн Алтай, бирөө асмандагы Алтай жылдыз, бирөө Алтай Бөрүбаев. Үчөө тең Кыргызстанга тиешелүү. Дүйнө төрт багытта өнүгөт: биринчиси – био-медицина, экинчиси – инженерия, үчүнчүсү – материаловедения, төртүнчүсү – айти-технология. Кыргызстан ушул төрт багытта илимпоздорун даярдай албаса, коңшулардан артта калабыз. Андыктан, ар бир райондо математика мектеби иштеши керек. Анткени математика – илимдердин падышасы. Алтай Асылканович спикер болуп турган парламентте 45 депутаттын беши академик, төртөө ректор, төртөө банктын төрагалары болчу. Мыйзам интеллекттен жаралат. Андан кийин андай күчтүү интеллигенттерден куралган парламент боло элек”.
Куттуктоо үчүн ОшМУнун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин, И.Раззаков атындагы Техникалык университеттин ректорлору келип, жылуу сөздөрүн айтып, белектерин тапшырышты.
Мындан сырткары Москва мамлекеттик университетинин ректору, Казакстан, Өзбекстан, Беларус илимдер академиясынын президенттери, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн математика илими боюнча докторлору, профессорлору куттуктоо жөнөтүшкөн.
“Менин иш-чарама катышып, каалоо-тилек айтканыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерге башымды ийип жөлөнгүм келет. Көбүңүздөр менен чогуу иштештим, замандашпыз, кесиптешпиз. Жакшы заман келди. Билимибиз, иш-тажрыйбабыз менен өлкөнү алдыга сүргөнгө жардамдаша берели”, - деди академик Алтай Асылканович.

Сүрөттөр