Меню

A A
МАТЕМАТИКА МАСЕЛЕЛЕРИ, БӨРҮБАЕВ ОКУУЛАРЫ

МАТЕМАТИКА МАСЕЛЕЛЕРИ, БӨРҮБАЕВ ОКУУЛАРЫ

Эртең, 27-июнда Улуттук илимдер академиясында «Заманбап математиканын маселелери жана анын колдонулушу — VI Борубаев окуулары» эл аралык илимий конференция болот.
Алтай Асылканович Борубаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын илим жана коомдук турмушунда өзгөчө орду бар көрүнүктүү окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги.
Ал Борбор Азиядагы топология жана геометрия багытындагы алгачкы илимий мектептин негиздөөчүсү болуп эсептелет. Анын жетекчилиги алдында төмөнкүдөй татаал илимий маселелер ийгиликтүү чечилген:
топологиялык мейкиндиктерди кеңейтүү маселеси;
бир түрдүүлүк мейкиндиктерин Евклид мейкиндиктерине кийгизүү маселеси;
бир түрдүүлүк мейкиндигинин абсолютун куруу маселеси.
2021-жылы А.А. Борубаев математика тармагында Борбор Азияда биринчи жолу эл аралык деңгээлде таанылган илимий ачылыш жасаган. Ал эми 2022-жылы "Абсолюттун, толуктоонун жана кеңейтүүнүн амалынын өз ара алмаша алуучулук касиети" деп аталган илимий ачылышы Эл аралык илимий ачылыштар жана ойлоп табуулар академиясы тарабынан тастыкталып, П. Капица атындагы Ардак медалы менен сыйланган.
Сыйлыктары:
КМШнын "Шериктештиктин жылдыздары" мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, 1-даражадагы мамлекеттик кеңешчи, "Манас" орденинин III даражасынын кавалери.
А.А. Борубаев 100дөн ашуун илимий эмгектердин, монографиялардын жана окуу китептеринин автору, көптөгөн аспиранттарга илимий жетекчи болгон. Анын эл аралык таасири дагы чоң — Испания, Швейцария, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн окуу жайлары менен кызматташып, ардактуу профессор деген наамдарды алган.