Меню

A A
МАТЕМАТИКА ИНСТИТУТУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮРҮМЧҮДӨ БОЛУШТУ

МАТЕМАТИКА ИНСТИТУТУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮРҮМЧҮДӨ БОЛУШТУ

2026-жылдын 9-июнунда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун жаңы дайындалган директору Зууракан Каденова жана «Экономикалык-математикалык ыкмалар» лабораториясынын башчысы Майрам Асанкулова эл аралык илимий кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүүгө багытталган иш сапар менен Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына барышты.
Иш сапардын алкагында Математика жана системалык илимдер колледжинин, Шинжаң илим жана техника ассоциациясынын, ошондой эле «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы билим алмашуу жана кызматташтык борборунун жетекчилиги жана окумуштуулары менен жолугушуулар өттү. Тараптар илимий байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, окумуштуулар менен жаш изилдөөчүлөрдүн академиялык тажрыйба алмашуусу, илимий кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл колдонмо математика, математикалык моделдөө, эсептөө математикасы, жасалма интеллект жана илим менен экономиканын актуалдуу маселелерин чечүүдө экономикалык-математикалык ыкмаларды колдонуу багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар биргелешкен илимий иш-чараларды, конференцияларды, семинарларды жана академиялык мобилдүүлүк программаларын уюштурууга кызыкдар экенин билдиришти. Андан сырткары, Кыргызстандын жана Кытайдын окумуштууларынын эл аралык илимий долбоорлорго жана жарыялоо иштерине катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Сапар эки өлкөнүн илимий жана билим берүү байланыштарын чыңдоодо маанилүү мааниге ээ болуп, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун Кытайдын алдыңкы илимий-билим берүү борборлору менен эл аралык кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.