Меню

A A
“МАНАСТЫН” МААНИСИ, МАҢЫЗЫ ЧЕЧМЕЛЕНГЕН

“МАНАСТЫН” МААНИСИ, МАҢЫЗЫ ЧЕЧМЕЛЕНГЕН

Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун манас, акындар, фольклор бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева “Манас” эпосундагы адам, жаныбарлар ысымдары, буюм-тайымдар, кийим-кече, бата, каргыш сыяктуу сөздөрдүн баары изилденип, кайсы беттерде жайгашканы тууралуу айтып берди.
“2017-2019-жылдар аралыгында бир топ манас таануучулар биригип, Калия Кулалиева, Курманбек Абакиров башында турган чыгармачыл топ, Зарина Кулбаракова, Тамара Абылкасымова, Жанара Өмүралиевалар “Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Улуттук илимдер академиясынын биргелешкен долбоорунда “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүч китептерин 7 том кылып даярдашкан. Ал – Сагынбай Орозбаков, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеевдин варианттарынын негизинде даярдалган. Бул “Манас” таануу илиминдеги жаңычыл эмгектер.
Китептин 1-томунда сюжеттик көрсөткүчтөр – Манастын ата-теги, төрөлүшү, бала чагы, эр жетиши, атасы Жакыптын окуялары сыяктуу көптөгөн окуялардын төрт манасчыда берилиши жазылган.
2-томунда “Манас” эпосундагы каармандар төрт манасчынын айтуусунда кайсы беттерде жайгашканы, терминдердин түшүндүрмөлөрү жазылган.
3-томунда турак жай, көч, оюндар, кабарлашуу, учурашуу, той,конок тосуу, кийим-кече, музыкалык аспаптар, медициналык түшүнүктөр, өсүмдүктөр, жаныбарлар, курал-жарактардын түшүндүрмөсү берилген.
Кыскасы, “Манас” эпосундагы бардык маалыматтардын көрсөткүчү бар. Бул изилдөөчүлөр үчүн керектүү жол көрсөткүч болуп эсептелет.