Меню

A A
МААЛЫМАТТАР ТЕКШЕРИЛИП, РЕПРЕССИЯ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛАТ

МААЛЫМАТТАР ТЕКШЕРИЛИП, РЕПРЕССИЯ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛАТ

КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту тарабынан 1917–1953-жылдар аралыгындагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо багытында изилдөө иштери башталган.
Аталган иштер “Саясий жана диний ынанымына, социалдык же улуттук белгисине карата куугунтукка алынган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Учурда Институт тарабынан репрессияга дуушар болгон жарандардын уул-кыздарына байланыштуу архивдик жана документтик маалыматтарды тактоо, чогултуу жана системалаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Айрыкча, совет мезгилинде Кыргызстанга көчүп келген адамдардын балдары боюнча маалыматтар кылдаттык менен иликтенип, алардын ата-энелери чынында эле саясий репрессиянын курмандыктары болгон-болбогону текшерилип, аныкталууда.
Такталган маалыматтар атайын токтом аркылуу Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Реабилитацияланган (акталган) адамдардын уул-кыздарына тиешелүү маалымкаттар (справкалар) берилет. Бул маалымкаттын негизинде тийиштүү жарандарга Россия Федерациясынан пенсиясына кошумча төлөмдөр каралат.

Сүрөттөр