Меню

КЫТАЙДАН ЧОҢ ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ
20-июлда Улуттук илимдер академиясына Кытай Эл Республикасынын Илим жана технология министринин орун басары Чен Жиачанг, ушул министрликтин илим-техникалык жетишкендиктерин ишке ашыруу жана трансфер Департаментинин директору Жоу Юнфан, КЭР Илим жана технология министрлигинин Канцелярия бөлүмүнүн башчысы Ванг Жанченг, КЭР ИТМдин Евразия иштери боюнча эл аралык кызматташтык Департаментинин бөлүм башчысы Жанг Тиан, Евразия иштери боюнча бөлүм башчынын орун басары Ли Чунгинг, Синьцзянь-Уйгур автомондуу районунун илим жана технология Департаментинин директору Юли Абулимити, Синьцзянь-Уйгур автономдуу районунун илим жана техниканы өнүктүрүү боюнча Стратегиялык институтунун улуу илимий кызматкери Йе Циовей жана Синьцзянь айыл чарба илими академиясынын кызматкерлери келишти.
Кыргызстан тараптан КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, КР илим, жогорку билим жана инновация министринин орун басары Нурлан Омуров, КР УИАнын академиги, Кыргызстандагы Эл аралык университеттин түзүүчүсү Асылбек Айдаралиев, КР УИАнын академиги Мурат Жуматаев, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Алайбек Обозов, КР УИАнын химия жана фитотехнология институтунун директору Асылкан Жуманазарова, КЭУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Максат Анарбаевдер чоң делегацияны тосуп алып, кызматташуу боюнча ойлорун ортого салышты.
Тараптар кыргыз-кытай бирдиктүү лабораториясы ишке ашырып жаткан “Таза энергия жана энергияны сактоо” долбоорун талкуулашты.
2025-жылдын февраль айында Кыргызстан-Кытай өлкө башчыларынын жолугушуусунда бардык өнөр жай чынжыры менен жашыл энергетика тармагында эки өлкөнүн мекемелеринин ортосунда биргеликте изилдөө платформаларын түзүү жана өнүктүрүу боюнча кол коюлган документке ылайык иштерди алдыга жылдыруу каралган. Негизги максат – “Бир алкак, бир жол” демилгесин ишке ашырууда конкреттүү жана практикалык жыйынтыктарга жетишүү. Бул багытта пайдалуу кендер, жашыл энергетика, инфраструктура жана инженердик курулуштар боюнча кызматташуу бар.