Меню
КЫТАЙ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН МАТЕМАТИКА ИЛИМИНИН КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУЛАРЫ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА КЕЛИШТИ
Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы Кытайдын алдыңкы университеттеринин математика тармагындагы белгилүү профессорлорун жана окумуштууларын кабыл алды.
Кыргызстанга келген делегациянын курамында төмөнкү илимпоздор болду:
• Джипинг Джанг – Пекин университетинин математика мектебинин профессору
• Вячеслав Футорни – Кытайдын Түштүк университетинин илим жана технология боюнча Шэньчжэнь эл аралык математика борборунун профессору
• Ченгминг Бай – Нанькай университетинин математика институтунун профессору
• Хонглиан Жанг – Шанхай университетинин математика департаментинин профессору
• Юнхи Ченг – Цзилин университетинин математика департаментинин профессору
• Мындан сырткары, Хучжоу, Харбин, Киото, Жогорку Эльзас, Фуадань университеттеринин математика тармагындагы башка илимпоздор
Меймандарды КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов жана академиянын математика институтунун директору, академик Алтай Бөрүбаев расмий түрдө тосуп алышып, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Кытайлык окумуштуулар Алматы шаарында өтө турган эл аралык математика симпозиумуна баратып, Кыргызстанга атайын токтоп, Улуттук илимдер академиясы жана анын математика институту менен таанышуу максатында жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө академик Алтай Бөрүбаев меймандарды 2027-жылы Ысык-Көлдө өтө турган математика симпозиумуна расмий түрдө чакырды.
Бул жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын илимий кызматташтыгын бекемдөөгө жана математика тармагындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.