Меню

A A
КЫТАЙ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ЧОҢ МААНИГЕ ЭЭ

КЫТАЙ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ЧОҢ МААНИГЕ ЭЭ

Бектемир Мурзубраимов, КР УИАнын академиги:
Алдыда Кыргызстанда чоң иш-чаралар болгону турат. Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси тээ илгертеден жакшы болуп келген. Айрым бир адамдар айткан “биздин жерлерди кытайлар алып жатышат” деген сөздөр туура эмес. Кытай менен мамиле Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ишке ашса Кыргызстан укмуштуудай алдыга кетет. Жумуш орундары болот, илим-билим, технологиялар жаатында тажрыйба алмашуулар болот. Кыскасы, абдан чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат