Меню

A A
“КЫРГЫЗСТАНДЫН КУБАТТУУ ӨЛКӨГӨ АЙЛАНЫШЫН КААЛАЙМ”

“КЫРГЫЗСТАНДЫН КУБАТТУУ ӨЛКӨГӨ АЙЛАНЫШЫН КААЛАЙМ”

Бул Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун сөзү. Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында КР Президенти Садыр Жапаровдун “Улут деми - уңгу жол” китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Ага КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, китепти түзүүчүлөр – КР Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, Алмаз Кулматов, Нурбек Асаналы уулу, академиктер, адабиятчылар, экс премьер-министрлер, студенттер, жалпы интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Китепте Президенттин ар кайсы учурда сүйлөгөн сөздөрү тандалып берилген. 2021-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө мындай деген: “Элимдин ар бир мекенчил уул-кызы кыялдангандай эле мен дагы Кыргызстандын экономикалык жактан ыкчам өнүккөн, адам укугу урматталган, мыйзам үстөмдүгүнө умтулган, жаштар келечекке оптимизм менен караган эркин жана кубаттуу өлкөгө айланышын каалайм. Анын өзөктүү идеясы - экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердикти, экономикалык жаратмандыкты туш тараптан колдоонун, элибиздин жашоо-турмуш стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болуп калууга тийиш”.
Жыйында сөз сүйлөгөн КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов мындай деди: “ Биз буга чейин көп кемчиликтерди кетирип, көп мүмкүнчүлүктөрдү көрбөй келдик. Коррупция бизди басып жыгылып, каптап кетти. Уюшкан кылмыштуулук күчөдү. Мамлекеттик кээ бир жетекчилер кылмыштуу топтун жетекчилеринен кеңеш сураган учурлар болду. Мындан сырткары, маданий, руханий жактан да артта калдык. Эң коркунучтуусу, билим берүү системасында чоң катачылыктар кетип, азыр чоң жолтоо болуп турат. Китептин ичиндеги мазмуну бузулган экен. Мына эми убакыт баарын ордуна коюп, көч бара-бара түзөлүп баратат. Экономикалык өнүгүү жакшы темпте кетүүдө. Бюджетибиз 1 трлн болот деп турабыз. Азыркы болуп жаткан аракеттерди өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу кадамы деп эсептейм. Азыр уңгу жолго жаштарыбызды кайтарып алсак, миң жылдап жашап келген каада-салттарды бекемедесек, материалдык да, руханий жактан да өнүгүүгө барабыз”.
“Келечеги, баскан жолу кенен, Манастын урпагы, Ала-Тоосу ыйык жердин ээси болгон кыргыз элинде минтип жакшы окуя болуп турат. Президент өзү келбесе да сөзү келди. Адам өзүнүн уңгулуу жолуна түшмөйүн, ийгиликке жетүүсү кыйын. Элибиз акыркы жылдары таштак жолго түшүп бараткандай болгон, эми анын өз жолун табышыбыз керек болду. Улуулуктун уңгу жолу – өнүгүүнүн туура жолу, изденүүнүн жалгыз жолу. Кыргызымдын улуу тоосу – уңгужолдун бешиги”, - деди Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов.
“КР Президенти Садыр Жапаровдун бул китеби саясий чечимдердин, конференцияда сүйлөнгөн сөздөрдүн, берген интервьюлардын тандалма сөздөрү. Идеологиялык чакырыктын негизинде эмгектенип, келечекке ишенимдүү багыт алып баратабыз. Китеп өз учурунда жарык көрдү. Илимпоздор, жаштар, аксакалдар күчтүү рух, дүйнөлүк дем менен бийиктерге бара алаарыбызга терең ишенебиз”, - деди КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов.
Бет ачар жыйында аксакалдар, жаштар да сүйлөп, өлкөнүн өнүгүп баратканы үчүн Президент С.Жапаровго ыраазычылык билдиришип, китептин чыгышы менен куттукташты.

Сүрөттөр