Меню
КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ ИЛИМ КЫЗМАТТАШТЫГЫ АРТАТ
2025-жылдын 21-25-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Шанхай, Циндао жана Цзинань шаарларында Шаньдун илим жана технология университети тарабынан уюштурулган колдонмо технологиялар жана инновациялар боюнча эл аралык конференция жана симпозиум өттү.
Бул иш-чараларга КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын илим жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, профессор Урусова Т.Э. жана бөлүмдүн башкы адиси Мамбетжунушова А.Т. катышты.
Конференция жана симпозиумдун алкагында КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы менен Шаньдун илим жана технология университетинин ортосунда кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул документ колдонмо илимий изилдөөлөр, инновациялар жана илим менен технологияны башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көздөйт.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Кытайдын алдыңкы илимий мекемелери менен байланыштар түзүлдү.
2025-жылдын 27-октябрында Пекин шаарында Пекин материалдык ресурстар университетинин ректору жана эл аралык кызматташтык жана алмашуу департаментинин директору (Beijing Wuzi University) менен жолугушуу болду.
28-октябрда Пекин химиялык технологиялар университетинин эл аралык алмашуу жана кызматташтык департаментинин (Beijing University of Chemical Technology) директору менен жолугушуу өттү.
Жолугушуулардын жыйынтыгында кытайлык кесиптештер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Биология институту жана Химия жана фитотехнологиялар институту менен илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Бул жолугушуулар жана жетишилген макулдашуулар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы илимий байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, илим жана инновация тармагындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.