Меню
КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫСЫ — УЛУТТУК ӨЗГӨЧӨЛҮКТҮН СИМВОЛУ
Айыл чарба илимдеринин доктору, Биотехнология институтунун биохимия лабораториясынын башкы илимий кызматкери Болот Токтосунов «Жамааттык Медиа» YouTube-каналына берген маегинде кыргыз жылкысынын уникалдуулугу жана тарыхый баалуулугун белгиледи.
Бийик тоолордун катаал шартында калыптанган бул тукум чыдамкайлыгы, ылдамдыгы жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө туруштук бере алары менен айырмаланат. Байыртан бери кыргыз жылкылары көчмөн турмушта, айыл чарбасында, транспортто жана аскердик жүрүштөрдө баа жеткис жардамчы болуп келген. Ошондой эле улуттук оюндарда жана каада-салттарда өзгөчө орунду ээлейт.
Бүгүнкү күндө асыл тукум кыргыз жылкысы коркунучтарга туш болууда: санынын кыскарышы, башка тукумдар менен аргындашуудан улам тазалыгын жоготуу жана салттуу багуу ыкмаларынын унутулушу. Бул тукумду сактап калуу үчүн атайын фермаларды түзүү, селекциялык программаларды ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана мамлекеттик колдоо талап кылынат.
Кыргыз жылкысын сактоо — демек Кыргызстандын маданий мурасын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоо.