Меню
КЫРГЫЗ ТИЛИ - ИЛИМ МЕНЕН ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИ БОЛОТ
Кыргыз тилинин тарыхын, терминологиясын жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо жолунда бир топ иштер аткарылып жатат.
2026-жылдын 11-июнунда КР Улуттук илимдер академиясында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана КР Улуттук илимдер академиясынын академик Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан жарык көргөн бир катар илимий жана илимий-популярдуу эмгектердин бет ачар аземи өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында даярдалган Энисей, Орхон, Монголия, Талас жергесинде табылган байыркы жазма эстеликтерден, Орто кылымдардагы кыпчак жазма эстеликтеринен, В.Радловдун сөздүктөрүнөн кыргыз сөзү катары терилип алынган 16 миңге чукул сөздөн турган “Байыркы кыргыз тилинин сөздүгүн” жана институттун кызматкерлеринин катышуусу менен Эл аралык Түрк академиясы тарабынан басылып чыккан: “Түрк тилдеринин лингвистикалык терминдер сөздүгү”, “Түрк тилдеринин эл аралык мамилелер жана дипломатия терминдеринин сөздүгү”, “Түрк тилдеринин маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект терминдеринин сөздүгү”, “Мезгил жалындагы ойлор” эмгектерин коомчулукка тааныштыруу максатын көздөдү.
Бул басылмалар кыргыз тилинин тарыхый мурасын изилдөөгө, түрк тилдеринин терминологиялык фондун байытууга, заманбап маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы түшүнүктөрдү улуттук тилде системалаштырууга багытталган маанилүү эмгектер болуп саналат.
Иш-чарада Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, академик Сыртбай Мусаев, КР УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова, КР УИАнын Тил илими институтунун директору Сымбат Садыкова, КР Президентинин Администрациясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар жана сөздүктөрдүн түзүүчүлөрү сөз сүйлөштү.
Аземдин алкагында байыркы кыргыз жазмасы тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, жаңы басылмалардын илимий жана практикалык мааниси боюнча талкуулар уюштурулду.
Иш-чара кыргыз тилинин тарыхый мурасын сактоо, терминологиялык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана илим менен технологиянын тили катары өнүктүрүү багытындагы иштердин жыйынтыктарын коомчулукка тааныштыруу үчүн маанилүү аянтча болду