Меню

A A
 “КЫРГЫЗ СҮЙЛӨП ЖАТСА ЫРДАП ЖАТКАНДАЙ УГУЛАТ”

“КЫРГЫЗ СҮЙЛӨП ЖАТСА ЫРДАП ЖАТКАНДАЙ УГУЛАТ”

Бул сөздү чыгаан түрколог окумуштуу, филология илимдеринин доктору, кыргыз-орус сөздүгүн түзгөн тилчи, кыргыз таануучу К.Юдахин айткан.
Бүгүн, 25-майда илимдер академиясында Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту уюштурган «Тил, медиа, коом: интеграциялык форум» аталышындагы эл аралык форум болуп өттү. Ага КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Б.Дженбаев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, ЖК депутаттары Табылды Муратбеков, Улукбек Карыбек уулу, Кыргызстандагы КЭРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчи-катчысы Ли Хуа, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, ф.и.д. Турусбек Маразыков, Ж.Баласагын атындагы КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гулбара Сыдыкова жана ММК жетекчилери, журналисттер, тилчилер, ЖОЖдун окутуучулары катышты.
“Тил үчүн күйүп-жанып жүргөн Сыртбай Мусаев бүгүн минтип тилдин медиада жана коомдо пайдаланышын талкууга салып, форум өткөрүп жатат. Кыргыз тилинин кадырын көтөргөн, баалуулугун арттырган мындай форумдар республикалык, аймактык деңгээлде боло берсин. Сиздерге ыраазычылык билдирем”, - деди УИА президенти Бекмамат Дженбаев.
“Коомдук пикирди калыптандыра турган журналисттер. Алар коомду каалаган жакка буруп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жетет. Анткени бардык иштерге түздөн-түз аралашат. Андыктан качан болбосун болуп жаткан иштерге журналисттер өтө жоопкерчиликтүү, олуттуу мамиле кылышы керек”, - деди академик Сыртбай Мусаев.
“БУУга мүчө 193 мамлекет бар. Ар бир мамлекеттин өзүнүн тили бар, бирок расмий статистикалык маалымат боюнча дүйнөдөгү 7 миң тилдин ичинен 95 гана тил мамлекеттик тил макамын алган. Ошол 95 мамлекеттик тилдин катарында кыргыз тили да бар”, - деди Мелис Мураталиев.
Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун социолингвистика бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к. доцент Зарылкан Алымбаева сөз байлыгы жөнүндө сөз кылып, белгилүү тилчи Жээнбай Мукамбаев Лениндин 55 томдугунда 37500 лексика бар экендигин, ал эми “Манас” эпосунун 2 томдугунда 73 миң лексика бар экенин аныктагандыгын айтты.
Түштөн кийин панелдик сессиялар болуп, ММКдагы каталар жөнүндө сөз болуп, тилчилер жана журналисттер ойлорун ортого салышты.