Меню
КЫРГЫЗ СКУЛЬПТУРАСЫНЫН ЛЕГЕНДАСЫ 90 ЖАШТА
Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, КР УИАнын академиги, Социалисттик эмгектин баатыры, кыргыз эл сүрөтчүсү, белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков 90 жашка чыкты. Бул датага карай Улуттук илимдер академиясында белгилүү инсандын туулган күнү белгиленип жатат.
Зал ичине адамдар батпай кетти. Өзгөчө искусствону сүйгөн жаштар көп. КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов чыгып сүйлөп, адегенде КР Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди. «Кыргызстандагы айкелчилик иш сиздин ысымыңызга тыгыз байланыштуу. Каныңыз менен аккан сүрөтчүлүк өнөрүңүздү талбаган канат менен күүлөп, кыргыз айкел өнөрүн дүйнөнүн төрт тарабына тааныттыңыз. Аны менен кыргыз искусствосуна эбегейсиз эмгек кылдыңыз. Манас, «Эл куту», Уркуя Салиева, Мамбет Мамакеев, Чыңгыз Айтматов сыяктуу көптөгөн кыргыздын белгилүү инсандарынын айкелдерин жасадыңыз. Сиз жасаган айкелдер дүйнөнүн ар кайсы жеринде, ЮНЕСКОнун кире беришинде да турат. Сиздин эмгектер руханий баалуулук катары сакталат.
Улуттук көркөм академия сиздин чыгармачылык жолуңуздун уландысы. Ал устаканадан белгилүү айкелчилер өсүп чыгат. Сизди жаратмандыктын эпопеясы десем жаңылышпайм», - деген КР Президенти Садыр Жапаров.
Андан соң мамлекеттик катчы Марат Иманкулов мындай деди: «Дүйнөгө аты чыгып, дүңгүрөп турганда биз да Тургунбай Садыковичтей болгубуз келчү. Эмгеги абдан бааланды. Кыргыз элинин да атын дүйнөгө чыгарды. Кыргыз эли үлгү ала турган адамдардын бири – Тургунбай Садыков. Ал скульптуранын классиги. Өмүрүңүз узун болсун».
Досу, адатынча чечен тилге салган хирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов: «Сиз менен замандаш болгонума сыймыктанам, илимдеш болгонума ийменем. Түкөм менен сүйлөшкөндө күчүмө күч, оюма ой кошулат. Сиз Ала-Тоодой улуу, бакыйган сулуу адамсыз. Сиз Манасты, анын чоролорун, кыргыздын мыктыларын ар кайсы жерге айкел кылып орноттуңуз. Айтматовдой кыргыз эли үчүн ыйыксыз, бийиксиз. Искусствонун татаал чынжырларын үздүңүз. Чоң аракетиңиз менен Сүрөтчүлөр академиясын уюштурдуңуз. Сизде генийлик менен жөнөкөйлүк ширелишип турат. Аман болуңуз. 90 жаш токол ала турган жаш».
Куттуктоо үчүн Баткен облустук администрация жана район жетекчилери, коомдук ишмерлер, илимпоздор, искусство адамдары келишкен.