Меню
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ИЛИМИЙ БОРБОРУ – КЕЛЕЧЕК ИШИ
Кытай Эл Республикасынын коомдук илимдер академиясынын эл аралык кызматташтык боюнча бюросунун башкы директорунун орун басары Ли Яң өз делегациясы менен кайрадан экинчи жолу атайын Бээжинден учуп келип, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, вице-президенти Чолпонкул Арабаев менен кезикти. Ал мурда айтылгандай, эки өлкөнүн илимпоздору экономикалык өнугүү, мамлекеттик башкаруу, жашыл энергетика, жасалма интеллект, санариптештирүү, глобалдык башкаруу, аймактык кызматташуу жана көптөгөн маселелерде биргеликте иштөө үчүн илимий институт ачуу максаты менен келишкен.
Бул жолку жолугушууда имарат маселеси сүйлөшүлдү. КР Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлк комитети аркылуу илимий борбор жайгашуучу имарат маселесин чечсе, ушул жылы Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитинин алкагында Кыргызстан-Кытай илимий изилдөө борборун ачуу максатка ылайыктуу болоору, мүмкүн аны ШКУнун алкагында Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Си Цзинпиндин катышуусунда ачуу пландалып жатканы да айтылды.
Андыктан, имарат маселеси чечилип, августка чейин ремонт иштери аякташы керек.