Меню
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЭТНОГЕНЕЗИСИН ИЗИЛДЕЙБИЗ
Кёльн шаарында, Кёльн университетинин Лингвистика институтунда илимдин доктору Свенья Бонманн менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу болду.
Доктор Свенья Бонманн — Германияда гана эмес, жалпы Европанын академиялык чөйрөсүндө таанылган, абройлуу лингвист окумуштуу. Ал иран жана енисей тилдери боюнча таанылган адис болуп саналат. Анын илимий ишмердүүлүгү хунн (гунн) доору менен да байланышкан. Бул доор Евразиянын байыркы тарыхын изилдөөдө маанилүү орунду ээлейт.
Биз өз кезегинде кыргыз элинин этногенезинин байыркы тарыхын изилдеп жатабыз. Изилдөөлөр археологиялык маалыматтарга, акыркы археогенетикалык изилдөөлөргө жана кытай жазма булактарына таянат. Ошол эле учурда жазма булактардын мүмкүнчүлүгү чектелүү экени белгилүү — кытай хроникалары болжол менен биздин заманга чейинки X кылымга чейин гана маалымат берет. Ошондуктан биздин изилдөөлөр үчүн лингвистикалык изилдөөлөрдүн ролу өзгөчө маанилүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө лингвистика, тарых жана археологиянын кесилишинде кызматташуунун келечеги талкууланды. Доктор Бонманн биргелешкен илимий диалогдун алкагында биз менен иштөөгө жана хунн доору менен гана чектелбестен, кеңири хронологиялык аралыктагы материалдарды да кароого даяр экенин билдирди.
Ушул контекстте байыркы скиф, хунн жана гунн доорлоруна таандык жазуулар, белгилер жана эпиграфикалык материалдар өзгөчө кызыгуу жаратат. Алар байыркы тилдик формаларды, титулдарды жана ысымдарды аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Ушуга байланыштуу тарыхка кызыккан бардык окурмандарга кайрылабыз: ушундай жазууларга, белгилерге жана ар кандай артефакттарга байланыштуу маалыматтар, сүрөттөр жана материалдар мындан аркы изилдөөлөр үчүн абдан маанилүү болушу мүмкүн жана кыргыз элинин этногенезинин байыркы тарыхы боюнча далил базасын түзүүгө олуттуу салым кошо алат.
Колуңуздарда бар маалыматтар менен бөлүшүп коюшуңуздарды өтүнөбүз жана алдын ала ыраазычылык билдиребиз.