Меню

A A
КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН СИМВОЛИКАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА КОНКУРС

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН СИМВОЛИКАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА КОНКУРС

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА) эмблема, туу жана гимн иштеп чыгуу боюнча конкурс жарыялайт.
Максаты: Илимий кадыр-баркты, улуттук сыймыкты жана заманбап жашоону чагылдырган оригиналдуу символика түзүү.
Түстөр: Көк (билим), алтын (жетишкендик), ак (чынчылдык).
Туу: Илимий өнүгүүнү жана тарыхты урматтоону билдирет.
Гимн: Илимий эркиндикти жана Кыргызстандын дүйнөлүк илимге салымын
даңазалайт.
Катышуучулар: 18 жаштан жогору жеке жактар жана уюмдар. Бир катышуучудан 3төн ашык эмес иш кабыл алынат
Мөөнөттөр: Арыздарды кабыл алуу: 2025-жыл, 11-август – 14-сентябрь, 18:00гө чейин.
Талаптар: Иштер оригиналдуу болуп, автордук укуктарды бузбашы керек. Техникалык талаптар 1 жана 2-тиркемелерде.
Жыйынтык: Жеңүүчүлөр КР УИАнын сайтында жарыяланат. Байге фонду КР УИА тарабынан каржыланат.
Кошумча маалымат үчүн КР УИАнын расмий сайтына кайрылыңыз.