Меню
КӨЗ ЖООСУН АЛГАН ЖООГАЗЫНДАР
Бүгүн 9-апрелде УИАнын Э.Гареев атындагы Ботаникалык багында жоогазындар фестивалы болуп өттү. Учурунда Кыргызстандын тоолорунда өскөн жапайы жоогазындардын ар түрдүү сортунун уругун чогултуп, Ботаникалык бакта өстүрүү аракетин жасаган профессор, көп жыл химия институтунун директору болгон Кайыркул Шалпыковдун эмгеги зор болгон экен. Ушундан улам К.Шалпыковдун элесине арналган жапайы жоогазындар коллекциясы көрсөтүлдү. Жоогазындардын ар түрдүү түстөгү, өңдөгү түрлөрү келген меймандардын маанайын көтөрүп, көңүлүн кушубак кылды. Келген конокторду КР Президентине караштуу УИАнын президенти К.Абдрахматов, Ботаникалык бактын директору М.Чакибаев тосуп алып, белектерин тапшырды.
Түштөн кийин Улуттук илимдер академиясында “Орто Азиянын жана Кыргызстандын эндемикалык жапайы жоогазындары” аталышында эл аралык илимий семинар болду. Ага Москва мамлекеттик университетинин Ботаникалык багынын окумуштуу катчысы Алексей Филин, Ломоносов атындагы ММУнун Ботаникалык багынын директору, биология факультетинин деканы Владимир Чуб баштаган Кыргызстандын, Улуу Британиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Кытайдын окумуштуулары онлайн, офлайн катышып, докладдарын окушту.
Иш-чара дагы уланып, өсүмдүктөрдүн жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси дагы эки күнгө созулмакчы.