Меню

A A
КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ, КӨРӨГӨЧ ИНСАН

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ, КӨРӨГӨЧ ИНСАН

15-декабрда академик Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдык мааракесине арналган «Академик Б. Мурзубраимовдун илимий-педагогикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгү Кыргызстандын илим жана жогорку билим берүүсүн өнүктүрүу контекстинде» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция болот.
Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын физика-техникалык, математика жана тоо-геология илимдери бөлүмүнүн төрагасы Нурбек Жээнбаев, химия-технологиялык, медицина-биологиялык, айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы Асанкадыр Жунушов, коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы Абдылдажан Акматалиев, туштүк бөлүмүнүн төрагасы Осмонакун Ибраимов жана Кыргызстан элдеринин Ассамблея кеңешинин төрагасы Алманбет Матубраимов, илимпоздор, министрликтерден, Жогорку Кеңештен өкүлдөр катышат.
Бектемир Мурзубраимов 1940-жылы 12-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ничкесай айылында туулган.
Физика-химиялык анализ, комплекстүү бирикмелердин химиясы жана биологиялык активдүү заттардын синтези жаатындагы көрүнүктүү окумуштуу, окутуучу, коомдук ишмер, химия илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги.
Кыргыз Республикасынын 10дон ашык университеттеринин, 2 чет өлкөнүн ардактуу профессору. ОМПИнун парткомунун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы, минералдык жана органикалык сырьелорду кайра иштетүү лабораториясынын башчысы жана КР Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институтунун директору болуп иштеген.
Илимий ишмердүүлүгү - 370тен ашык илимий эмгекте, 20 автордук күбөлүктө жана патенттерде, анын ичинде 64 монография, окуу китептери жана окуу куралдарында жарык көргөн.
20 илимдин кандидаты жана 3 илимдин докторун даярдаган.