Меню

A A
КОРЕЙЛЕР КӨМҮРТЕК НЕЙТРАЛДУУ ТОКОЮН ӨСТҮРҮҮ ҮЧҮН КЕЛИШИМ ТҮЗҮШТҮ

КОРЕЙЛЕР КӨМҮРТЕК НЕЙТРАЛДУУ ТОКОЮН ӨСТҮРҮҮ ҮЧҮН КЕЛИШИМ ТҮЗҮШТҮ

2021-жылдан бери УИАнын Ботаникалык багы менен Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясынын шаарды өнүктүрүү жана турак-жай корпорациясы («GH”) менен кызматташуу келишими улам жаңы этап менен ишке ашып келатат. Алар ушул айда атайын келишип, Кыргыз Республикасында көмүртек нейтралдуу токоюн түзүү долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетишти. Жыйынтыгында бул долбоор 2025-жылы ишке ашырылат, аны Корея Республикасынын Кёнгидо провинциясынын өкмөтү каржылайт.
Келишимге Кёнгидонун шаарды өнүктүрүү жана турак-жай корпорациясынын директору, бизнести колдоо бөлүмүнүн башчысы Джин Ёнг Парк жана УИАнын «Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак» илимий изилдөө институтунун директору Мелис Чакибаев кол коюшту.
Мындан сырткары, инвесторлор Ботаникалык бактын ичинде «Корей тынчтык багы» эс алуучу жайынын курулушун аяктайт, көмүртек нейтралдуу токоюн өстүрүү үчүн көчөттөрдү тигишет жана көмүртек нейтралдуу токою үчүн өсүмдүктөр питомнигин курушат. Эң аягында булардын баарын окута турган семинарларды уюштурушат.

Сүрөттөр